Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:03

Жогорку Сот Ишенбеков боюнча 12-февралда чечим чыгарат


Урмат Ишенбеков
Урмат Ишенбеков

Бүгүн Жогорку сот Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан мандатынан ажыратылган Урмат Ишенбековдун арызын карады. Анда экс-депутаттын адвокаты Эрик Ирискулбеков БШКнын жана Биринчи Май райондук сотунун чечимин жокко чыгарууну өтүндү. БШК мүчөсү Рашид Бекбасаров фракциянын ишине кийлигише албай турганын белгилеп, өздөрүнүн чечимин коргоп чыкты. Жогорку Сот бул маселеге эртең, 12-февралда чекит коймой болду.

Борбордук шайлоо комиссиясынын Ишенбековду мандатынан ажыратуу жөнүндөгү чечимин Биринчи Май райондук соту 8-февралда күчүндө калтырган. Эмгек кодексине таянып бул чечимди жокко чыгаруу үчүн экс-депутат Жогорку Сотко кайрылган болчу.

БШК “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев жөнөткөн документтердин негизинде Урмат Ишенбековдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG