Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:37

НАТО Эгейден өтчү качкындарды көзөмөлдөөгө көмөктөшөт


НАТО мыйзамсыз миграция жана аткезчиликке каршы күрөшүү үчүн Эгей деңизинде ишин баштайт. Бул тууралуу уюмдун баш катчысы Йенс Столтенберг 11-февралда Брюсселдеги жыйындан кийин билдирди.

“Биз жаны эле НАТО качкындар жана миграция кризисине колдоо көрсөтөт деп макулдаштык. Бул Германия, Түркия жана Грециянын өтүнүчү менен кабыл алынды. Максат Эгей деңизиндеги мыйзамсыз миграция менен аткезчиликти токтотуу”, - деди Столтенберг.

Анын айтымында, Түндүк Альянстын күчтөрү качкындардын кайыгын токтотуп, же артка кайтарбайт. Алар абадан жана деңизден байкоо жүргүзүп, маалымат чогултуу жаатында иштеп, адам сатууну уюштургандарды аныктоо маселесин алдыга коюшат.

Бириккен улуттар уюмунун Качкындар боюнча агенттигинин маалыматына караганда, Грецияга эле быйыл 75 миң адам деңиз аркылуу келген. Эл аралык миграция уюму болсо Жер Ортолук деңизинен өтүү учурунда эле 400дөн ашуун адам өлгөнүн белгилөөдө.

XS
SM
MD
LG