Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:16

Навальный Путинди сотко берди


Орусиядагы оппозициячыл саясатчы, блогер Алексей Навальный
Орусиядагы оппозициячыл саясатчы, блогер Алексей Навальный

Орусиядагы оппозициячыл саясатчы, блогер Алексей Навальный орус президенти Владимир Путинди коррупцияга шектеп, сотко берди. Бул тууралуу ал өз блогунда кабарлаган.

Навальныйдын айтымында, Путин өзү 2015-жылдын октябрында бир миллиард 750 миллион долларды Орусиянын улуттук жыргалчылык фондунан “Сибур” нефтехимиялык холдингине бөлдүргөн. Холдингдин акционерлеринин бири Кирилл Шамалов орус президентинин кызы деп айтылып жаткан Екатерина Тихонованын күйөөсү.

“Бул каражатты бөлүп жатканда Путин кызыкчылыктар кагылышы тууралуу кабарлаган эмес. Бул “коррупцияга каршы күрөшүү” мыйзамын бузуу болуп эсептелет”, - дейт Навальный.

Мыйзам боюнча кызматта турган адам жакындарын байыта турган чечим кабыл алса, бул тууралуу коомчулукка кабарлашы керек деп кошумчалайт ал.

Ошондой эле оппозициячы-блогер кызыкчылыктар кагылышын жөнгө салууга аракет кылбаганы үчүн президентти жоопко тартууну жана “Сибур” куруп жаткан Батыш-Сибирь нефтехимиялык комбинатынын курулушуна акча бөлүүсүн чектөөнү талап кылган.

XS
SM
MD
LG