Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:43

Ооган полициячысы өз кесиптештерин атып өлтүрдү


Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар провинциясында полиция өзүнүн кесиптештерине ок чыгарып, төртөө набыт болуп, жети кызматкер жаракат алышты.

Полиция өкүлү Зиа Дурранинин айтымында, окуя 10-февралдын кечинде Жерай аймагында болгон.

Кол салган адам ошол замат башка полиция кызматкерлери тарабынан өлтүрүлдү. Ал ооган тартип кызматына эки жыл мурда кабыл алынганы аныкталды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

Бул арада чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө "Талибан" кыймылы алды.

Январь айында да ошол эле провинцияда төрт чыккынчы кесиптешинин огунан тогуз полиция кызматкери мерт болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG