Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:12

Орусия Сирия боюнча сүйлөшүүгө даярдыгын билдирди


Орусиялык чабуулдардан кийин Сириядан Түркияга качкындар саны арбыды.
Орусиялык чабуулдардан кийин Сириядан Түркияга качкындар саны арбыды.

Мүнхенде коопсуздук боюнча эл аралык конферениянын алдында Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Геннадий Гатилов Москва Сирияда тынчтык орнотуунун жолдору боюнча сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров эл аралык уюмдардын жана өлкөлөрдүн өкүлдөрү кирген Сирия боюнча байланыш тобу менен жолугушуу өткөрдү.

Бул арада орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Орусия 1-марттан тарта Сирияда ок атууну токтотууну сунуштады деген маалыматты төгүнгө чыгарды.

Өткөн жумада Женевада Сирия боюнча сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураган. Ага орус аба күчтөрүнүн колдоосу менен Сирия өкмөттүк күчтөрүнүн Алеппо шаарын колго алуу аракети себеп болду. Өкмөттүк күчтөрдүн чабуулу миңдеген качкындардын Түркияга карай агылуусуна алып келди. (AiT)

XS
SM
MD
LG