Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:44

11-февралда Ош мамлекеттик университетинде Тарых жана маданият жылына карата “ОшМУдан оогандык кыргыздарга жардам” аттуу кайрымдуулук күнү уюштурулду. Анда студенттерге Ооганстан кыргыздарынын тарыхы, географиясы, жашоо-шарттары жөнүндө маалымат берилди. Оор шартта жашаган ооган кыргыздарына жардам берүү боюнча кайрымдуулук акциясы уюштурулуп, анда 371 миң сом жана кийим-кече топтолду. Бул тууралуу ОшМУнун тарбия департаментинин жетекчиси Замирбек Бөжөнов кабарлады. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG