Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:39

Орус патриархы Кирилл Рим папасы менен Кубада жолугушат


Москва жана орус православдарынын патриархы Кирилл.

Москва жана орус православдарынын патриархы Кирилл.

Тарыхый аталган бул жолугушуу үчүн орус православ чиркөөсүнүн патриархы Кирилл Кубага келди. Аны 11-февралда Куба президенти Рауль Кастро Гаванада тосуп алды. 69 жаштагы Кирилл 12-февралда Рим папасы Франциск менен Гавана аба майданында жолугушат.

Бул православ менен католиктер 1054-жылы бөлүнгөндөн берки биринчи жолугушуу болот. Гаванада патриарх жана папа бирге сыйынуу өткөрүшпөйт. Православдардын Католиктердин папасын христиан дининин башчысы катары тааныбашы эки тарапты алыстатып келет. Украин чатагында патриарх Кириллдин президент Владимир Путиндин саясатын колдоосу тараптарды ого бетер окчундаткан. Патриарх Кирилл Кубадан кийин Бразилия жана Парагвайга сапарын улантат. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG