Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:57

Олимп оюндарынын алтын байгесин уткан спортчу 7 млн. сом алат


Cочидеги Олимп оюндары.
Cочидеги Олимп оюндары.

Олимп оюндарынын байге ээлерине бир жолу бериле турган акчалай сыйлыктын көлөмү аныкталды. Буга ылайык буйрукка өкмөт башчы Темир Сариев кол койгонун Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтө турган XXXI жайкы Олимп оюндарында жана XV Паралимпиада оюндарында 8-орунга чейин жетишкен спортчуларга ири суммадагы акча берилет. Олимп оюндарында биринчи орунга жеткен спортчуга жети миллион сом берилет. Экинчи орунга беш миллион сом, үчүнчү орунга үч жарым миллион сом белгиленди. Байгеге ээ болбой калган спортчуларга дагы акчалай байге берүү каралган. Төртүнчү орунга эки миллион сом, бешинчи орунга бир миллион сом, алтынчы орунга тогуз жүз миң сом, жетинчи орунга сегиз жүз миң сом жана сегизинчи орунга жети жүз миң сом берилет. Башкы жана жеке машыктыруучунун ар бирине спортчунун акчалай сыйлыгынын 25 пайызынын өлчөмүндө сый акы белгиленген.

Ошондой эле февраль айында Норвегияда боло турган өспүрүмдөрдүн II кышкы Олимп оюндарында биринчи орун үчүн бир миллион сом ыйгарылат. 2-орунга 500 миң сом, 3-орунга 250 миң сом бөлүнөрү каралган. Учурда жайкы Олимп оюндарына жеңил атлетчилер Мария Карабицкая, Дарья Маслова, Юлия Андреева, грек-рим күрөшүнүн балбаны Арсен Эралиевде жолдомо бар. Паралимпиадалык оюндарга пауэрлифтинг спортунан Жыргалбек Орозбаев менен Эсен Калиев лицензия алышкан. Өспүрүмдөрүн кышкы Oлимп оюндарына катышууга биатлончу Кундуз Абдыкадырова даярдык көрүүдө. (ECh)

XS
SM
MD
LG