Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:02

Президент шайлоо күрөөсүн 1 миллион сомго көтөрүү сунушталууда


Шайлоо.
Шайлоо.

Президенттик шайлоо күрөөсүн 100 миң сомдон 1 миллион сомго көтөрүү сунушталууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов билдирди.

-Парламенттик шайлоодо партиялардын күрөөсү 5 миллион сомду түзгөн. Ал эми президентке талапкерлердики 100 миң сом, бул 1,5 миң доллар. Ошондуктан муну 1 миллион сомго көтөрүүнү сунуштадым. Азырынча концепцияда ушундай деп көрсөтүп жатабыз, бирок так бир суммага токтой элекпиз. Мисалы, шайлоо учурунда 2600 шайлоо участкалары иштейт. Бюджеттен акча төлөсө абдан көп каражат кетет. Ошондуктан биз ушундай сунушту киргизип жатабыз.

Шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча жумушчу топ 11-февралда жыйынга чогулуп, маалымат каражаттарын каттоону, Жогорку Кеңешке шайлоону дайындоо мөөнөттөрү жөнүндө мыйзам жоболорун тактоо, шайлоо участокторун түзүү эрежелерин өркүндөтүү жана күрөөнү көтөрүү маселелерин талкуулады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG