Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:22

Чехия баш калаасындагы Вацлав аянтында жайгашкан Улуттук музейдеги өрт бүгүн эртең менен чыгып, эки саатка жакын убакта өчүрүлдү. Өрт өчүргүчтөр музейдин чатырындагы 200 чарчы метр аянт күйгөнүн, тилсиз жоо коллекцияларга жетпегенин билдиришти. Иске ууланган бир күзөтчү ооруканага жеткирилди.

Учурда өрттүн себептери териштириле баштады. 1885-1891-жылдары неоренессанс стилинде курулган бул имаратта азыр кайра оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан. Музей имаратын реконструкциялоо 2018-жылы аякташы керек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG