Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:06

Башкы прокуратура: былтыр кыйноо боюнча 34 кылмыш иши козголду


Кыргызстандын прокуратура органдары 2015-жылы кыйноо боюнча 34 кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы көзөмөл органдын жыл жыйынтыгын чыгарган коллегиясында айтылды. Маалыматка караганда, өткөн жылы кыйноо фактыларына байланыштуу кайрылган жарандардын саны 220дан 199га кыскарган. Алардын ичинен тастыкталгандарына кылмыш иши козголуп же тиешелүү чара көрүлгөн.

Эл аралык Human Rights Watch уюмунун жаңы жарыялаган баяндамасында 2015-жылы Кыргызстанда адам укуктары жаатында абал начарлаганы белгиленген. Анда жабык жайларда, кылмыш катталган алгачкы күндөрдө кыйноо, катаал мамиле жасоо фактылары уланып жатканы жазылган. Жергиликтүү укук коргоочулар Кыргызстанда камактагыларды кыйноо фактыларын аныктоо иши жакшырганы менен, жазага тартылгандар өтө аз болуп жатканын белгилешет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG