Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:29

Төрөттөн каза болгон эненин иши Башкы прокуратурага өткөрүлдү


Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Чүй облустук төрөт үйүндө каза болгон Кемин районунун Алмалуу айылынын 33 жаштагы тургуну боюнча кызматтык иликтөө уланууда. Министрликтин башкы адиси Айгүл Бообекованын “Азаттыкка” айтуусунда, бул маселени иликтеген комиссиянын алгачкы тыянактары Башкы прокуратурага берилди.

-Кош бойлуу келинге убагында жардам берилген, бирок ал жеткиликтүү, толук көрсөтүлгөн эмес. 41 жумалыгында келген аялдын бир күн мурда суусу кетип калган. Өзүнүн толгоосу келбей, ага жасалма толгоону чакырчу ыкма колдонулган. Андан кийин кан кетип, бир нече операция жасалган.

Натыйжада 3800 грамм менен эркек бала өлүк төрөлүп, эртеси 8-февралда келин өзү дагы каза тапкан. Бул окуяга тиешеси болгон кызматкер иштен алынып, айрымдарына сөгүш, эскертүү берилди. Бообекованын айтуусунда, атайын буйруктун негизинде 11-февралдан тартып ден соолугуна байланыштуу жумушка чыкпай жаткан Чүй облустук оорукананын директоруна тиешелүү чаралар көрүлөт.

Төрөттөн каза болгон эненин артында үч баласы калды. Вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева бул ишти өз көзөмөлүнө алып, анын себептерин ыкчам аныктоону тапшырган.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, быйыл январь айында эле 5 аял төрөттөн кайтыш болгон. Ал эми 2015-жылы 63 эне төрөттөн жан берген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG