Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:50

Өзбекстан "Мекенге кайтуу сертификатын" жокко чыгарды


Өзбекстан чет өлкөлөрдө биометрикалык эмес паспорт менен жүргөн жарандарына өлкөсүнө кайтуу үчүн "Мекенге кайтуу сертификатын" алуу эрежесин жойду. Жаңы эреже боюнча, эми сырттагы өзбек жарандары 2018-жылдын 1-июлуна чейин Өзбекстанга эски паспорту менен кире берет. Бирок биометрикалык паспорту жок жаран мурадыгдай эле Өзбекстандан чыга албайт. Бул тууралуу "Азаттыктын" өзбек кызматы бүгүн Тажикстандагы өзбек элчилигинин маалыматына таянып кабаралды.

Өзбекстан былтыр жыл соңунда биометрикалык паспорт алуу мөөнөтү аяктаганына байланыштуу жаңы жылдан тарта андай паспорт алууга үлгүрбөгөн жарандары өлкөгө кирүүсүнө тыюу салган. Эски папорт менен мекенине кайткандардан "Мекенге кайтуу сертификатын" талап кыла баштаган. Мындай күбөлүк алыш үчүн сырттагы жарандар ошол өлкөдөгү өзбек элчилик менен консулдуктарына кайрылып, аны бир ай күтүүгө туура келчү. Жана ага кайсы бир өлчөмдө акча да төлөнчү.

XS
SM
MD
LG