Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Казакстанда абактагы юрист ачкачылык жарыялады


Карагандада соттолуп, жазасын Карабас шаарчасындагы абакта өтөп жаткан юрист Евгений Танков ачкачылык жарыялаганы тууралуу маалыматты энеси Валентина Танкова "Азаттыкка" ырастады. Анын айтымында, уулу ачкачылык кармоо менен абактагылардын тамак-ашын жакшыртуу, алардын маалымат алуу укугун камсыздоо жана телефон аркылуу жакындары менен сүйлөшүп турууга мүмкүндүк берилүүсү үчүн күрөшүп жатат.

Жергиликтүү коомчулукка жарандык активдүүлүгү менен таанылган юрист Евгений Танков 2014-жылы Карагандадагы бир сот жараянында судьянын алдына бир чымын өлтүргүчтү таштап, аны "чымын өлтүргүч менен жекеме-жеке чыгууга - дуэлге" чакырган кылыгы үчүн соттолгон. Ал "судьяны сыйлабай, ага коркунуч туудурду" деген айып менен үч жылга эркинен ажыратылган.

Юрист Евгений Танков бул жоругун заманбап искусстводогу сот ишиндеги акыйкатсыздыкка көңүл бурдурууга чакырган бир форма менен байланыштырган.

XS
SM
MD
LG