Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:28

Берлинде эл аралык кинофестиваль башталды


Германия баш калаасындагы Берлинале фестивалы быйыл 66-жолу өтүп жатат. Бүгүн башталган бул кинофестивалга дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн 18 тасма катышууда. Алар фестивалдын баш байгеси - "Алтын аюу" жана андан кийинки "Күмүш аюу" байгеси үчүн ат салышмакчы.

Фестивалдын директору Дитер Косслик бул ирет дүйнөдөгү миграция маселелерин ар кандай формада чагылдырган тасмалар көп түшкөнүн билдирди.

Берлинале Европадагы Канн жана Венеция кинфестивалдарынын катарындагы үч ири кинофестивалдын бири саналат.


XS
SM
MD
LG