Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:36

Баку Тоолуу Карабахтагы соңку чатак үчүн Ереванды айыптады


Баку таанылбаган Тоолуу Карабахта Азербайжан күчтөрү менен кагылышта кеминде беш армян аскери мерт болгонун билдирди. Өлкө коргоо министрлигинин маалыматына караганда, окуя 12-февралга караган түнү болгон.

Тоолуу Карабахтын де-факто бийлиги бул билдирүүнү четке кагып, азербайжан көзгө атарлары бир малчыны өлтүрө атканын айтып чыкты. Мындан тышкары азери тарап алардын аймагын көздөй гранатомет жана минометтер менен аткылашканын билдирди.

Азербайжан тарап аскерлери жайкын тургунду атпаганын айтып чыкты.

Баку менен Ереван 1990-жылдагы Тоолуу Карабах чатагынан кийин касташып калган. Армения колдогон жикчилер 1990-жылдардын башында Азербайжандын негизинен этникалык армяндар байырлаган бул аймагын ээлеп алган.

30 миңдей кишинин өмүрүн алган бул чатакты жөнгөрүү боюнча дипломатиялык аракеттер азырынча майнап бере элек.

XS
SM
MD
LG