Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:13

Сирия президенти Башар Асад өлкөнүн бардык аймагын колго аларын айтып, бирок ага бир топ убакыт зарылдыгын билдирди. Дамаскта AFP агенттиги менен маегинде ал оппозициялык топтор менен тынчтык сүйлөшүүлөрү жүргөн учурда да терроризмге каршы күрөш токтобосун белгиледи.

Бул маек БУУ менен Араб лигасына мүчө 17 мамлекеттин өкүлдөрүнөн куралган Сирияны колдоо тобу 11-февралда Мюнхенде Сирияда тынчтык орнотуу келишимине жетишкенден бир канча сааттан кийин жарыяланды. Аталган келишим бир жумадан кийин күчүнө кирет.

Сирияда 2011-жылдын мартында президент Башар Асаддын режимине каршы толкундоолор жарандык согушка айланып кетип, өлкө ошондон бери от менен жалындын кучагында. Азыр расмий Дамаск өлкө аймагынын бир бөлүгүн, айрым аймактарын козголоңчулар, дагы бир бөлүгүн өздөрүн "Ислам мамлекети" атаган террордук топ көзөмөлдөйт.

БУУнун маалыматы боюнча, Сириядагы жарандык согуш азырга чейин 250 миңден ашуун өмүрдү алып, миллиондогон кишини өз үй, өлөң төшөгүн таштап кетүүгө аргасыз кылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG