Навои облусунун Зарафшон шаарындагы түрмөдө жаза өтөп жаткан 44 жаштагы Дастан Абдурахманов ажал тапканын бир күн мурда абак жетекчилиги анын жакындарына билдирген. Бул окуядан кабардар Өзбекстандагы көз карандысыз укук коргоочулар тобунун жетекчиси Сурат Икрамов Абдурахманов тирүү кезинде бир канча жолу кыйноого кабылганын, анын өлүмүнө да ошол кыйноолор себеп болушу мүмкүндүгүн "Азаттыктын" өзбек кызматына айтты.
Тыюу салынган "Хизб-ут Тахрир" диний уюмуна тиешеси бар деп айыпталган Дастан Абдурахманов 1999-жылы 9 жылга эркинен ажыратылган. Ал 2008-жылы эркиндикке чыгышы керек эле, бирок анын жаза мөөнөтү дагы 9 жылга узартылган.
Ушул айдын башында Навоидеги абактан диний экстремисттик топко аралашкан деп айыпталып, 9 жылга камалган Махмуджан Хасанов аттуу жарандын да сөөгү чыккан. Бул абак Өзбекстандагы кыйноолор эң көп колдонулган жаза өтөө мекемелеринин бири катары саналат.
Өзбекстанда диний-экстремисттик уюмга аралашкан, же ошондой уюмга тиешеси бар деген айып менен камалгандардын саны ондоп саналат. Бирок алардын так саны белгисиз.