Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:27

Немцовдун кызы атасы тууралуу китеп чыгарды


Орус оппозициясынын белгилүү өкүлү, бир жыл мурун киши колдуу болгон Борис Немцовдун кызы Жанна Немцова атасы тууралуу жазылган китепти Германияда басып чыгарды.

Deutsche Welle медиа компаниясында иштеп жаткан Жанна Немцова китебин “Орусияны ойготуу” деп атаган. Ал атасынын элесин түбөлүк сактоо максатында эркиндик үчүн күрөшүп жаткандарды колдорун белгилейт.

Ал арада орус оппозициясы Борис Немцовдун урматына ал өлтүрүлгөн күнү Москвада жүрүш өткөрүү тууралуу тийиштүү кеңселерге билдирүү жиберди. Активисттер Славянский аянтынан Немцов киши колдуу болгон Чоң Москворецк көпүрөсүнө чейин барышат. Ушундай эле жүрүштү Нижний Новгороддо өткөрүү да пландалган.

Борис Немцовду былтыр 27-февралда, президент Владимир Путиндин саясатына каршы нааразылык акцияларына эки күн калганда атып кетишкен. Кылмышка шектелип беш киши кармалган.

XS
SM
MD
LG