Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:21

Рим папасы мексикалыктардын коопсуздугун коргоого чакырды


Рим папасы Франциск менен бүткүл православдардын патриархы Кирилл. Гавана, Куба, 12-февраль, 2016-жыл

Рим папасы Франциск менен бүткүл православдардын патриархы Кирилл. Гавана, Куба, 12-февраль, 2016-жыл

Рим папасы Франциск Мексика лидерлерине кайрылып, өлкө жарандарынын коопсуздугун сактоого жана акыйкаттуулукту орнотууга чакырды. Бул тууралуу ал ишемби күнү Мексика президенти Энрике Пенья Ньетонун катышуусундагы Улуттук сарайда өткөн жыйында айтты.

France-Presse агенттиги кабарлагандай, Рим папасы Мексикада күч алган маңзат соодасы, зомбулук жана адам өлтүрүү фактылары жарандардын өмүрүнө коркунуч жаратып жатканын белгиледи.

“Коопсуздукту камсыздоо коомдун бардык катмарына бирдей эмес”,- деди Рим папасы.

Ушул эле пикирин мексикалык епископтор менен жолугушкан учурда да билдирип, аларды маңзат соодасына каршы күрөшүүгө үндөдү.
Мехико көчөлөрүнө руханий көсөмдү колдогон миңдеген кишилер чыгышты. Алар Рим папасынын сапары мамлекеттеги көйгөйлөрдү жайгарууга жол ачат деп ишенишерин белгилешти.

Рим папасы Франциск Мексикага ишемби күнү Куба мамлекетинде тарыхта алгач ирет бүткүл православдардын патриархы Кирилл менен жолуккандан соң барган. Эки диний лидер дүйнө коомчулугун зомбулуктарга каршы күрөшкө үндөгөн декларацияга кол коюшкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG