Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:09

Өзбекстанда “сүйүшкөндөр күнүнүн” ордуна "Бабур күнү" белгиленип жатат


Ырчы Лола жаштар менен Babur day акциясында. Ташкент, 14-февраль, 2016-жыл.

Ырчы Лола жаштар менен Babur day акциясында. Ташкент, 14-февраль, 2016-жыл.

"Сүйүшкөндөр күнү" деп айтылып жүргөн 14-февралдын урматына Өзбекстан баш калаасы Ташкент жана башка шаарларда ырчылар мурда уюштуруп келген концерттер быйыл да токтотулду. Анын ордуна ойчул, акын жана кол башчы Захриддин Мухаммед Бабурдун туулган күнүнө арналган Babur day акциясы өтүп жатат.

Окуу жайларда “сүйүшкөндөр күнүн” белгилеген жаштар жазаланары эскертилди. Өзбекстан бийлиги соңку эки-үч жылдан бери бул датаны майрамдоого тыюу салып, аны улуттук нарк-насилдерге туура келбестигин эскертип келет.

Он жети кылым мурун байыркы Рим элинде белгиленип жүргөн "Ыйык Валентин күнү” дүйнөгө тарап, “сүйүшкөндөр күнү” катары майрамдалат.

Кыргызстанда да диний ишмерлер жана айрым жарандык активисттер бул датаны белгилебөөгө бир канча жолу чакырык жасашкан. (SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG