Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Түркия армиясы Сириядагы күрттөрдүн аскерий базасын бомбалады


Түрк армиясы Сирия аймагында аскердик операцияларды баштап, күрт күчтөрү көзөмөлгө алган аймакка сокку урду. Бул кабарды расмий Анкара бышыктап, ишемби күнү чабуулдар ишке ашырылганын билдирди. Күрт жикчилдеринин расмий өкүлү да Миннех авиабазасына түрктөр сокку урганын маалымдады.

Мурдараак премьер-министр Ахмет Давутоглу Сириядагы күрт жикчилдерине каршы чабуул жасаларын маалымдаган. Миннех авиабазасында жардыруулар болгону тартылган тасмалар интернетке да чыкты.

Анкара Ирактагы Күртстан жумушчу партиясынын согушкерлерине жана Сирия менен Ирактын бир канча аймагында бийлик жүргүзүп жаткан “Ислам мамлекети” террористтик уюмунун Сириядагы позицияларына абадан сокку урууну алгач ирет былтыр 24-июлда баштаган.

XS
SM
MD
LG