Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:46

Футзал: бүгүн Кыргызстан менен Сауд Арабия беттешет


Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы Азия чемпиондугунда бүгүн Сауд Арабиянын командасы менен беттешет. Оюн Ташкент шаарындагы «Узбекистан» спорт комплексинде Бишкек убактысы боюнча кечки саат сегизде башталат. Беттешти Кыргызстандын аймагында “КТРК Спорт” телеканалы көрсөтөт.

Азия чемпиондугунун оюндары 10-февралда башталган. Ага Азиянын 16 өлкөсүнүн командалары төрт тайпага бөлүнүп таймашууда. Тайпалык мелдештерде алдынкы эки орунду алган команда плей-оффтук беттештерге чыгууга мүмкүнчүлүк алат.

Кыргызстан А тайпасында Ливан, Өзбекстан жана Сауд Арабияынын командалары менен мөрөй талашууда. Буга чейин болгон эки турдун жыйынтыгында Өзбекстан алты упай менен көч башын жетектеп, мөөнөтүнөн мурда тайпалык мелдештерден чыгууга мүмкүнчүлүк алган. Учурда Ливанда эки, Кыргызстан менен Сауд Арабиясында бирден упай бар.

Кыргыз футзалчылары ливандыктар менен беттеште 4:4 эсебинде тең чыгып, өзбекстандыктарга 1:2 эсебинде жеңилип калган.

Бүгүн 3-турда Ливан менен Өзбекстан курамасы беттешет. Бул беттештерден кийин плей-оффко кайсы команда чыгары белгилүү болот. Азия чемпиондугунун оюндары 21-февралга чейин уланат. Мыкты төрт команда сентябрь айында Колумбияда боло турган дүйнө чемпиондугуна катышууга жолдомо алат. (ECh)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG