Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:33

Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Чолпон-Ата айылынын жашоочулары аймакта алтын казуу иштерин баштап жаткан “Кассана Минералс” компаниясына каршылык көрсөтүүдө.

Өткөн жума соңунда жергиликтүү калк менен облус жетекчисинин орун басары Мамасалы Акматов жана тийиштүү адистер жолугушуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөнүнө карабай, андан майнап чыкпаганын жергиликтүү тургундар “Азаттыкка” кабарлашты. Алар эгер кен казуу башталса, аймактагы уран калдыктары ачылып, кооптуу кырдаал түзүлөрүн белгилешүүдө.

Райондогу алтын кенин иштетүүгө “Спектр” компаниясы 2009-жылы уруксат алган. Кийинчерээк лицензияны “Кассана Минералс” фирмасына саткан. Тактоолорго ылайык, кенге уруксат берилген жер 18 гектарды түзөт жана 69 кг алтын запасы бар. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG