Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:23

Франция Түркияны Cириядагы күрттөргө сокку урууну токтотууга чакырды


Түркия Сирия менен чек арасына дубал да курган.
Түркия Сирия менен чек арасына дубал да курган.

Француз Тышкы иштер министрлигинин жекшемби күнкү билдирүүсүндө белгиленгендей, Сирияда ок атышуу токтошун камсыздоо боюнча дүйнө державалары ортосундагы макулдашууга ылайык, күрттөрдүн бул өлкөдөгү турумдарына да сокку уруу токтотулушу керек. Ал арада Анкара Сириядагы күрттөргө чабуул улана берерин эскертти.

Түркия аскерлери Сириянын түндүгүндөгү күрт кошуундарына соңку эки күн катары менен артиллериядан сокку урду.

Түркиянын соккулары “Сирия демократиялык күчтөрү” деген топко каратылган. "Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы" билдиргендей, соккулардан күрт топтун кеминде эки жоочусу мерт болду.

Аталган топто күрттөрдүн “Элдик коргонуу бөлүктөрү” бирикмесинин согушкерлери үстөмдүк кылат. Түркия аларды террорчул уюм катары санаган Күрт жумушчу партиясы - ПККга байланышы бар деп эсептейт.

12-февралда Мүнхенде эл аралык жыйын болуп, Сириядагы ок атышууну токтотуу боюнча макулдашылган. Бирок бул макулдашуу “ал-Нусра” жана “Ислам мамлекети” террордук топторуна каршы уруштарды камтыбайт.

XS
SM
MD
LG