Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:25

Орусия Украинанын жүк ташуучу унааларына тыюу салды


Житомир облусунда Орусиянын жолу торолгон унаалары. 13-февраль, 2016-жыл.
Житомир облусунда Орусиянын жолу торолгон унаалары. 13-февраль, 2016-жыл.

Орусиянын Транспорт министрлигинин чечимине ылайык, Украинада катталган жүк ташуучу унаалар Орусиянын жолдорунда жүрө албайт.

Москва муну украиналык “Автомайдан” кыймылынын аракеттерине карата “жооп” деп түшүндүрдү.

Аталган кыймылдын активисттери 11-февралдан бери орусиялык жүк тарткан унааларды Украинанын аймагы аркылуу өткөрбөй жатышат.

Орусия тараптын эсебинде, Украинанын ар кайсы аймактарында 100дөй унаа камалып калса, дагы 500дөй унаа Евробиримдик өлкөлөрү менен чек ара тараптан кире албай турат.

XS
SM
MD
LG