Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:31

Орус премьери Сириядагы кургактагы операцияларга каршы чыкты


Дмитрий Медведев
Дмитрий Медведев

Орусиянын премьер-министр Дмитрий Медведев “Евроньюс” телеканалындагы маегинде Сирияга кайсыл бир өлкө кургактан аскер киргизсе, согуш узакка созулаарын эскертти.

"Москва Башар Асадды колдоону улантабы?" - деген суроого Медведев "өз өлкөсү жеке бир саясатчыны эмес, Сирия мамлекети менен болгон достук мамилелерди кубаттап" жатканын билдирди.

Дмитрий Медведев 12-14-февралда Мүнхенде өткөн коопсуздук боюнча жыйында сөз сүйлөп, Батышты Москва менен мамилени суутпай, эл аралык маселелерди чечүүдө тыгыз кызматташууга чакырган. Сирия кризиси чечилбесе жана ага АКШ менен араб өлкөлөрүнүн кургактагы аскерлери киришчү болсо, бул чатак "туруктуу" же дүйнөлүк согушка" айланып кетүү коркунучу тууларын кыйыткан.

XS
SM
MD
LG