Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:25

Өрт кырсыгынан эки күндө эки өмүр кыйылды


Соңку эки күн ичинде Кыргызстандын аймагында өрт кырсыгынан эки улгайган тургундун өмүрү кыйылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Бишкектин Киев көчөсүндө жайгашкан кабат үйлөрдүн бириндеги батирде өткөн түнү өрт чыгып, 64 жаштагы Татьяна Двенянина набыт болду. Куткаруучулардын айтымында, кырсыкка таштандынын күйүшү себеп болгон.

Ал эми жекшембиге караган түнү Чүйдүн Аламүдүн районунун Лебединовка айылында өрттүн кесепетинен үй ээси, 63 жаштагы Исабек Бекмырзаев иске ууланып каза тапкан. (RK)

XS
SM
MD
LG