Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:38

Бүгүн ооган согушунун курмандыктары эскерилүүдө


Ооганстанда курман болгондорду эскерүү.15-февраль, 2016-жыл, Бишкек.

Ооганстанда курман болгондорду эскерүү.15-февраль, 2016-жыл, Бишкек.

Бүгүн баардык мурдагы Совет республикалары сыяктуу Кыргызстанда да ооган согушунун курмандыктары эскерилип, жер-жерлерде түрдүү иш-чаралар өтүп жатат.

1989-жылдын 15-февралында өзбек-ооган чек арасындагы "Термез" посту аркылуу Ооганстандан Совет аскерлери чыгарылып бүткөн болчу. Ошентип СССРдин ооган жергесиндеги жарандык согушка "интернационалдык милдетти аткаруу" деген максат менен катышкан 10 жылы аяктаган.

Бул согушка 7141 кыргызстандык аскер да катышкан. Алардын 300ү ошол жакта набыт кеткен, 1,5 миңдейи жараат алып, төртөөнүн дайыны азыркыга чейин белгисиз. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG