Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:56

Таластан ооган согушуна 350 жоокер катышкан


Ооганстанда курман болгондорду эскерүү.
Ооганстанда курман болгондорду эскерүү.

Таластан ооган согушуна 350 жоокер катышкан. Бул жөнүндө бүгүн Ооганстандагы согушта курман болгондорду эскерүү митингинде айтылды. Ага облустагы согуш ардагерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, окуучулар, студенттер катышты.

Талас шаарындагы борбордук паркта жайгашкан "Баатырлар мемориалына" гүл коюлуп, курман болгондордун урматына асманга ок атуу, 1 мүнөттүк эскерүү болду.

Таластык 41 жоокер ооган талаасында баатырларча курман болгон, 8и “Кызыл жылдыз” ордени менен сыйланган.

Учурда Талас облусунда ооган согушунун 149 ардагери бар. Алар ар кандай коомдук иштерге активдүү катышып жүрөт.

Ооган согушуна 7141 кыргызстандык аскер катышкан. Алардын 300ү ошол жакта набыт кеткен, 1,5 миңдейи жараат алып, төртөөнүн дайыны азыркыга чейин белгисиз.

1989-жылдын 15-февралында өзбек-ооган чек арасындагы "Термез" посту аркылуу Ооганстандан Совет аскерлери чыгарылып бүткөн болчу. Ошентип СССРдин ооган жергесиндеги жарандык согушка "интернационалдык милдетти аткаруу" деген максат менен катышкан 10 жылы аяктаган. (SS)

XS
SM
MD
LG