Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:41

Орусиянын Допингге каршы агенттигинин башчысы көз жумду


Орусиянын Допингге каршы агенттигинин мурдагы жетекчиси Никита Камаев.

Орусиянын Допингге каршы агенттигинин мурдагы жетекчиси Никита Камаев.

Орусиянын Допингге каршы агенттигинин (РУСАДА) мурдагы аткаруучу жетекчиси Никита Камаев жекшембиде көз жумду. Ал кызматтан кеткенине туура эки ай болгон.ТАСС агенттигине берген маегинде Камаевдин мурдагы кесиптеши Рамил Хабриев маркумдун капыс каза болуп калышына жүрөк оорусу себеп болгонбу деген божомолун билдирди.

-Ал лыжа тээп, үйүнө келип эле жүрөк тушунда ооруну сезген. Мен мурда анын жүрөк оорусу бар экенин уккан эмесмин. Балким, бул тууралуу жубайы билгендир, -дейт Хамаев.

Өткөн жылдын ноябрь айында Допингге каршы эл аралык агенттиктин атайын комиссиясы РУСАДАнын ишинде кыйла алешимдиктерди тапкан.

Орусия бийлиги 2016-жылкы жайкы Олимп оюндарынан атлетчилер четтетилип калбашы үчүн болгон аракеттерин жумшай тургандыгын ырасташып, Камаев, Хабриев жана агенттиктин бир катар жетекчилерин декабрь айында кызматтан алган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG