Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:17

Европада Савченкону колдоо акциясы башталды


Украиналык учкуч Надежа Савченко 2014-жылдан бери Орусияда камакта отурат.
Украиналык учкуч Надежа Савченко 2014-жылдан бери Орусияда камакта отурат.

Европанын бир катар өлкөлөрүндө бүгүн “Надежда Савченкого боштондук - биз ачкабыз” деген аталыштагы акция башталды. Еврокеңештин депутаттарынын демилгесин социалдык тармактар жана жарандык активисттер колдошту. Акцияга ар бир адам Европанын каалаган өлкөсүнөн бир-эки күнгө же бир нече саатка болсо да кошула алат.

Чехиянын депутаты Кристина Зеленкова “Азаттыкка” билдиргенине караганда, иш-чаранын башкы максаты Савченкого ал жалгыз эместигин жеткирүү жана дүйнөдөгү башка саясий туткундарга көңүл бурдуруу. Акция февраль айынын соңуна чейин уланат.

Эки журналисттин өлүмүнө катышы бар деген шек менен украиналык учкуч Савченко 2014-жылдын июль айынан бери Орусияда камакта отурат. Сот 17-декарда анын камактагы мөөнөтүн 2016-жылдын 16-апрелине чейин узартуу чечимин чыгарган эле. Буга нааразы болгон Савченко үчүнчү ирет ачкачылык жарыялаган.

Украин бийлиги Савченко күнөөсүз экенин айтып, аны чек арадан орусиячыл жикчилдер уурдап кеткенин белгилеп келет.

34 жаштагы учкуч аял абакта жатканда Жогорку Радага депутат болуп шайланган. Дүйнө жүзүндө Савченкону коргогон акциялар өтүп келет.

XS
SM
MD
LG