Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Сирия: Орусиянын ооруканага жасалган аба соккуларынан 14 адам мерт болду


Орусия Сириядагы аба соккуларын 2015-жылдын сентябрь айынан бери жүргүзүп келет.
Орусия Сириядагы аба соккуларын 2015-жылдын сентябрь айынан бери жүргүзүп келет.

Сириянын түндүгүндөгү Азаз шаардык ооруканасына урулган орусиянын жети ракетасы 14 жай тургундун өмүрүн алды. Бул тууралуу бүгүн Түркиянын коопсуздук кызматы билдирди. Рейтерс агенттиги “Көз карандысыз дарыгерлер ассоциациясы” уюмуна шилтеме жасап, бул маалыматты ырастады. Жарадарлардын саны 30га жеткени кабарланууда.

“Чек арасыз дарыгерлер” уюму дүйшөмбүдө аба соккулардан Идлиб провинциясындагы Маарет-эн-Нууман шаарындагы көчмө оорукана толугу менен кыйрап калганын билдирди. Британияда жайгашкан Сириянын адам укуктары боюнча уюму бул чабуулдан кеминде жети киши набыт болгонун ырастады. Болжол менен соккулар Орусиянын аба күчтөрүнө караштуу болгону айтылууда.

XS
SM
MD
LG