Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:36

Москванын чыгыш бөлүгүндө эки кыргызстандыкка кол салуу болуп, алардын бирөө мерт кетти. Бул тууралуу Интерфакс агенттиги кабарлоодо.

Алдын ала маалыматка караганда, өткөн жекшембинин түнүндө метронун «Перово» станциясында мас адам 29 жана 31 жаштагы эки кыргызстандык жаранга бычак менен кол салган. Алардын бирөө ооруканага жетпей көз жумган, экинчиси реанимацияда.

Кол салган адам орус жараны, Москванын 23 жаштагы тургуну экени аныкталды. Ага карата кылмыш иш козголду, бирок камакка алына элек. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG