Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:31

2015-жылы 2034 киши Кыргызстандын жарандыгынан чыгарылган. Андан бир жыл мурун 1183 тургун атуулдуктан баш тарткан. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын коомчулук менен байланышуу кызматынын адиси Дамира Азимбаева “Азаттыкка” кабарлады. Жарандыктан баш тарткандардын көпчүлүгү Орусиянын жарандыгын алууга кызыкдарлыгын билдиришкен.

Өлкө эгемендик алгандан бери башка өлкөлөрдүн жараны болуп кеткен кыргызстандыктардын саны 50 миңдин тегерегинде. Ошол эле учурда Кыргызстандын да, Орусиянын да паспортуна ээ болуп, мыйзамсыз түрдө кош жарандуулук менен жүргөндөр да көп экени айтылат.

Башмыйзам боюнча кыргыз жарандыгынан чыгаруу жана кабыл алуу укугуна мамлекет башчы гана ээ.

Ал арада кыргыз атуулу болгондордун саны да көбөйүүдө. Мисалы, 2015-жылы эле башка мамлекеттерден көчүп келген алты миңден ашуун этникалык кыргыздарга паспорт берилген. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG