Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:59

Ошто кечинде кызматтык унаа мингендер көзөмөлгө алынат


Ош шаарынын кечки көрүнүшү.

Ош шаарынын кечки көрүнүшү.

Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев кечки саат алтыдан кийин жумушка байланышпаган жагдайда кызматтык унаа мингендерди жазалоону буйруду. Облакимчиликтин басма сөз катчысы Жумамидин Сулайманкулов “Азаттыкка” кабарлагандай, бул боюнча билдирүү Ички иштер бөлүмдөрүнө жана Жол кайгуул кызматына жөнөтүлдү. Бирок эреже бузгандарга кандай чара көрүү жагы азырынча так эмес.

-Бүгүндөн тарта көзөмөлгө алуу жанданат. Алдыдагы күндөрү кызматтык унааларды пайдаланып жүргөндөргө каршы рейд уюштуруу пландалууда,- деди Сулайманкулов.

Кыргызстанда аткаминелердин кызматтык унааны каалаганча пайдаланып, ал эмес жакындары да минип жүргөнү коомчулук арасында көп сындалат.

Мурда иштен башка учурда машинелерди пайдаланбоо боюнча өкмөттүн буйругу чыкканы менен ал аткарылбай келет. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG