Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:55

Евробиримдик Беларустан санкциялардын басымдуу бөлүгүн алып салды


Белорустун президенти Александр Лукашенко

Белорустун президенти Александр Лукашенко

Евробиримдик Беларуска каршы киргизилген санкциялардын басымдуу бөлүгүн алып салууну чечти. “Кара тизмеден” 170тей адам, анын ичинде президент Александр Лукашенко жана үч компания чыгарылды.

Курал-жабдыкка чектөөлөр алынган жок. Ошондой эле 1999-2000 жылдардагы оппозициячыл саясатчылардын дайынсыз жоголушуна катыштыгы бар делген төрт адамга каршы санкциялар өзгөртүүсүз калды.

10 жылдай мурда киргизилген санкцияларды алып салуу чечими бүгүн Брюсселдин Тышкы иштер министрлеринин жыйынында кабыл алынды. Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайердин айтымында, чектөөлөрдүн алынышына Беларустагы саясий туткундардын бошотолушу түрткү болду. Өткөн жылдын октябрь айында өлкөдөгү акыркы саясий туткун эркиндикке чыгарылган соң Евробиримдик убактылуу санкцияларды төрт айга алып салган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG