Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:22

Эсен Калиев пауэрлифтинг боюнча дүйнө кубогунда алтын медаль алды


Оордукту көтөрүүнүн мыктысы Эсен Калиев.
Оордукту көтөрүүнүн мыктысы Эсен Калиев.

Дубай шаарында паралимпиадачылар арасында өтүп жаткан дүйнө кубогунда кыргызстандык Эсен Калиев биринчи орунду ээлеп, кыргыз паралимпиада тарыхындагы алгачкы алтын медалды утуп алды.

15-февралда башталган мелдешке 40 мамлекеттен 200дөн ашуун атлет катышууда.

Дүйшөмбү күнү Эсен Калиев 54 килограммга чейинкилер арасында штанганы жатып көтөрүүдө (пауэрлифтинг) 150 килограмм салмакты багынтты. Андан кийин 157 жана 158 килограмм көтөрүү аракети ишке ашпады. Калиев биринчи көтөргөн салмактан атаандаштары ашып өтө албай, натыйжада жеңүүчү аталды. Экинчи орунду 142 килограммды көтөргөн украиналык Сергей Хвалинский, үчүнчү орунду 128 килограммды багынткан жапониялык Тецио Нишизаки ээледи.

Кыргызстандын пауэрлифтинг боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Адилет Камчыбеков “Азаттыкка” билдиргендей, Эсен Калиевдин уткан байгеси кыргыз паралимпиадасынын тарыхында дүйнө кубогундагы биринчи алтын медаль болуп саналат.

Паралимпиадачылардын пауэрлифтинг боюнча дүйнө кубогу 20-февралга чейин уланат. Мелдеште атлеттер байге алуудан сырткары быйыл жайында Рио-де-Жанейро шаарында боло турган паралимпиада оюндарына катышуу үчүн рейтингдик упайларды топтошот.

Бул мелдешке Кыргызстандан 107 килограммга чейинки салмакта Жыргалбек Орозбаев да катышат. Ал 19-февралда күчүн сынайт. Атлеттерди башкы машыктыруучу Аднан Жабралиев коштоп жүрөт.

Эсен Калиев менен Жыргалбек Орозбаев Рио-де-Жанейро шаарында боло турган XV паралимпиада оюндарына бир жыл мурда жолдомо алышкан эле. (Ech)

XS
SM
MD
LG