Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:54

Орусияда өздөрүн “патриот” деп атаган топтун колуна түшкөн кыргыз кыздардын дагы бир видеосу чыкты. Интернетке 15-февралда тараган тасмада кыргыз жигиттер эки кызды суракка алып, алар эмне үчүн азер жигиттер менен кафеге келгенине жинденишкен. Бетин көрсөтпөгөнгө аракет кылган бир кыздын колун кайрып, мажбурлап видеого тартышкан жана аны интернетке таратып шерменде кылышарын эскертишкен. “Таластан болобуз” деген кыздар жаман жолдо эместигин түшүндүрүп, жалбарып коё берүүлөрүн өтүнүшкөн. Окуя Москвадагы түнкү клубдардын биринде тартылганы айтылууда.

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Москвадагы расмий өкүлү Аскат Алиев видео боюнча иликтөө башталганын билдирип, тасмадагы кыздарды жана жигиттерди тааныгандар +79261891017 номуруна маалымат берүүсүн өтүндү.

Кыргыз кыздарынын башка улуттун өкүлдөрү менен жүргөнүнө каршы чыккан топтор 2012-жылы Орусияда пайда болгон. Алар өздөрүн “патриоттор” деп атап, кыздарды жылаңачтап, сабап, суракка алган видеолорду интернетке жайылтып келишет. Мындай окуялар боюнча ушул күнгө чейин эч ким жоопко тартыла элек. (LzT\SE)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG