Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:58

Жалал-Абадда былтыр 300дөн ашуун аралаш нике катталды


Жалал-Абад облусунда былтыр катталган никелердин 300дөн ашууну башка өлкөнүн жарандары менен болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" шаардык жарандык актыларды каттоо бөлүмүнүн башкы адиси Нурия Азимбаева билдирди.

Анын айтымында, облус аймагында өткөн жылы 10 миңден ашык адам никеге турса, алардын 315и башка өлкөнүн жараны менен катталган.

Тагыраак айтканда, 122 жаран Орусиянын, 185 Өзбекстандын, экөө Түркиянын жана калгандары Казакстан, Корея, Молдова, Франциянын атуулдары менен никеге турган. Бирок, адистердин айтымында, алардын көбү ушул өлкөлөрдүн жарандыгына өтүп алган кыргызстандыктар.

Ал эми улут аралык никелерден былтыр облуста 533ү катталды.

Өткөн жылда Жалал-Абад аймагы боюнча жалпысынан 1380 ажырашуу болду. (RsK)

XS
SM
MD
LG