Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:40

Нарында аялы жана өзүнө өрт койгон жаран кайтыш болду


Нарын шаарында өзүнө жана аялына өрт койгон жаран кайтыш болду. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" облустук оорукананын жетекчиси Муратбек Атбаев кабарлады.

Маркумдун аялы 8-февралда көз жумган, ал эми өзү өткөн жекшембиде өлдү.

Окуя 5-февралда Нарын шаарындагы туристтик фирмалардын биринин кеңсесинде болгон. Милициянын маалыматына караганда, 27 жаштагы жаран ажырашып кеткен келинчеги иштеген офиске келип, бөлмөнү ичинен кулптап салып, бензин чачып өрттөп жиберген.

Экөө тең реанимацияга жеткирилген. Аялдын денесинин 70%, күйөөсүнүкү 40% күйүк алган. (RK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG