Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:15

Кыргыз-тажик чек арасында тынчтык долбоору башталды


Кыргыз-тажик чек арасында тынчтыкка жана өнүгүүгө жетишүү долбоору башталды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" БУУнун Өнүктүрүү программасынын Баткендеги менеджери Таалайбек Азимов билдирди.

“Туруктуу тынчтыкка жана өнүгүүгө жетишүү үчүн чек ара кызматташтыгы” деп аталган долбоор эки жылга пландаштырылган. Иш-чаранын алкагында Баткен облусунан тандалып алынган 5 айыл аймак жана Тажикстандын Согди облусунда иш жүргүзүлөт.

Мында чек арадагы жаңжалдарды алдын алуу үчүн ар тараптуу иш аткарылып, жергиликтүү жамааттар тандап алаган инфраструктуралык маселелер да чечилет.

Долбоордун жалпы бюджети 5 млн доллар. (JsA)

XS
SM
MD
LG