Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:17

Нарын шаарында 6-класстын окуучусу асынып өлдү. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурбек Курманалиев билдирди.

Окуя 11-февраль күнү болуп, өспүрүм кыздын сөөгүн жакындары үйдүн төркү бөлмөсүнөн жоолукка асынып турган жеринен көрүшкөн.

Курманалиевдин айтымында, кыздын үй-бүлөсүндө жана мектебинде эч кандай келишпестиктер болгон эмес.

- Бул окуя болоордон мурда кыз ата-энесине "көзүмө ар кандай нерселер көрүнүп жатат, түшүмө да кирип жатат" деп айткан. Бирок ага эч ким маани берген эмес. Ал эми кыз өзү мектепте алдыңкы окуучулардан болгон. Энеси жакында гана көз жарып, ымыркайын багууга жардам берип жүргөн экен, - деди Курманалиев.

Нарын облусунда өткөн жылы 5 өспүрүм өз жанын кыйган. Ал эми быйыл жыл башынан бери 2 өспүрүм өз өмүрүнө кол салган факт катталган. (MiK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG