Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:20

Украин радасында премьерге ишеним көрсөтпөө демилгеси чыкты


Украина -- Премьер-министр Арсений Яценюк
Украина -- Премьер-министр Арсений Яценюк

Жогорку Радада ишеним көрсөтпөө демилгеси козголушунан улам премьер-министр Арсений Яценюк депутаттарга отчет берүүсү күтүлүп жаткан, бирок ал бир канча саатка жылдырылганы кабарланууда. Мунун алдында "Самопомощи" фракциясынын депутаты Руслан Сидорович өз фракциясы өкмөт башчыга ишеним көрсөтпөө үчүн 40 чакты кол топтогонун билдирген. Дүйшөмбү күнү кечинде "Петро Порошенконун блогу" фракциясы өкмөттүн ишин канааттандырарлык эмес деп тапкан. Бирок "Элдик фронт" фракциясы өкмөттү колдогон.

Ага чейин премьер-министр Арсений Яценюк өкмөт "бир команда" катары иштөөгө тийиштигин, эгер парламент колдобосо кызматтан кетиши керектигин билдирген.

Жогорку Рада өкмөткө ишеним көрсөтпөө резолюциясын кабыл алуусу үчүн 226 добуш зарыл.

Учурда өкмөт башчынын парламенттеги каршылаштары менен тарапташтары ортосунда сүйлөшүүлөр уланып жатканы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG