Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:11

Батыровдун соттоштурган жери


Кадыржан Батыров
Кадыржан Батыров

Июнь апаатынын күнөөкөрлөрүнүн бири деп табылган Кадыржан Батыровдун мүлктөрүн башкаруу милдети жүктөлгөн Мамлекеттик мүлк фондунун карамагындагы "Элдик" ишканасы "Кыргыз Петролеум" компаниясын сотко берип, тогуз гектар жердин ижара акысын өндүрүп алууну көздөөдө.

"Кыргыз Петролеум" өз кезегинде жерди ижарага "Элдик" ишканасынан эмес, шаардык мэриядан келишимдик негизде алганын айтууда. Муну шаар бийлиги да ырастап, Батыровго тиешелүү мындан башка мүлктөрдү да өз карамагына сот аркылуу алуу аракеттерин көрүүдө.

"Элдик" ишканасынын арызы

Мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн Кадыржан Батыровго тиешелүү мүлктөргө чарбалык башчылык кылган “Элдик” мамлекеттик ишканасы “Кыргызнефтегаз” ишканасынын алдындагы “Кыргыз Петролеум Компани” ЖЧКсынан 3,2 миллион сомдук бир жылдык ижара акысын өндүрүп берүүнү өтүнүп, Жалал-Абад райондор аралык сотуна кайрылды. Мекеменин юристи Абдалил Аттокуров:

- Азыркы тапта тогуз гектар жердин жагдайы боюнча Жогорку Соттун чечими бар. Анын токтому менен мамлекеттин пайдасына конфискация болгон. Андан соң Мамлекеттик мүлк фондуна берилип, анын алдында атайын “Элдик” мамлекеттик ишкана уюшулуп, бардык мүлктөрдү чарбалык башкарууга алганбыз. Ошонун ичинде ушул тогуз гектар жер да бар. Мыйзам боюнча бул жер бизге караштуу. Бирок кандайдыр бир себептер менен шаардык мэрия убагында бул жерди КПКга ижарага берип койгон. Ошол соттун чечимдери аткарылбай жатканын негиз кылып, биз ижара акысын өзүбүзгө өндүрүү максатында КПКны сотко бердик.

Маалыматтарга караганда, шаардын Олимпиада көчөсүндөгү талашка түшкөн тогуз гектар бош жаткан жер аянтынын 1,9 гектар жери 1998-жылы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын буйругу менен Кадыржан Батыровго тиешелүү болгон транспорттук-экспедитордук “Кыргызвнештранс” фирмасына берилген. "Бирок райондук жер адистеринин жасалма документтеринин негизинде ал аянт тогуз гектарга көбөйтүлүп, ушул күнгө чейин ошол калыбында калып келүүдө", - дейт "Кыргыз Петролеум" компаниясынын юристи Марат Мойдинов.

- Сузак райондук сотунун 2009-жылы 14-декабрда чыгарылган чечими менен ошол кездеги райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмүнүн башчысы Бахридин Токтакулов 1,9 гектар жерди мыйзамсыз жасалма документ даярдап, тогуз гектар кылып жазгандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, сот жообуна тартылган. Бирок ошол жер тилкелери азыр да каттоо китептеринде тогуз гектар болуп “Кыргызвнештранс” фирмасына тиешелүү катары өзгөртүлбөй жүрөт. Батыровдун мүлктөрү Жогорку Соттун чечими менен мамлекетке өткөрүлгөндө ушул жер ошол бойдон өтүп кеткен. Эми аны "Элдик" ишкана келип ижара акысын жогорулатып, айына 294 миң сом төлөйсүңөр деп жатат. Биз да тийиштүү тараптарга жердин ээсин тактоо үчүн кайрылып жатабыз.

Мэрия да сотко кайрылган

Ал арада Жалал-Абад шаардык мэриясы да кезегинде Батыровдун тартылып алынган мүлктөрүн мамлекетке өткөрүүдө түзүлгөн жумушчу комиссиянын 2014-жылдын декабрындагы актысын жокко чыгарууну өтүнүп, райондор аралык сотко кайрылган. Азыр бул багытта соттук кароо жүрүп жатканын шаардык мэриянын юристи Чыңгыз Эшенов айтты:

- Азыркы учурда 2004-жылы шаардык мэрия ал жерди КПКга убактылуу пайдаланууга 49 жылга бергенбиз. Учурда 2014-жылдын 18-декабрдагы Батыровдун мүлктөрүн өткөрүп алуудагы мамлекеттик актыны жокко чыгарууну соттон суранып жатабыз. Мамлекеттик мүлк фондунун 2015-жылдын 20-февралындагы тогуз гектар жерди ижарага пайдалануу жөнүндөгү актыны да жокко чыгарууну сурап жатабыз. Эгер сот ушул маселелерди орундатса, биз кайрадан КПК менен келишим түзөбүз.

Июнь окуясына күнөөлүү деп табылып, сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган Кадыржан Батыровго тиешелүү 28 объект 2012-жылы сот аркылуу мамлекеттин карамагына берилген. 2014-жылы Мамлекеттик мүлк фондусунун алдында "Элдик" ишкана уюштурулуп, тартылып алынган бардык мүлктөрдү чарбалык башкарууга алган. Учурда шаар бийлиги беш объектини өзүнө алуу өтүнүчү менен өкмөткө кат жолдоп, ал жерлерге муниципалдык ишканаларды ачууну пландап жатканын шаар мэри Салайдин Авазов ырастады:

- Батыровдун мүлктөрү шаар аймагында жайгашкандыктан шаардыктар үчүн кызмат кылышы керек. Ошол себептүү биз алардын кээ бирлерин өзүбүзгө алып жатабыз. Мисалы, ушул талашка түшкөн 9 гектар жер аянты, консерва завод аймагы, №1 кыш заводу жана №4 кампанын 3 гектар жери. Азыр бул жерлерге атайын долбоор иштелип жатат жана министрликтердин кароосуна жөнөтүлгөн.

2010-жылдагы июнь окуясынан кийин чет өлкөгө чыгып кеткен Жалал-Абаддагы өзбек улуттук-маданий борборунун башчысы Кадыржан Батыровго Башкы прокуратура издөө жарыялаган. Ал эми сот аны өмүрүнүн аягына чейин абакта кармалсын деген өкүм чыгарган. Бирок Батыров өлкөдө жок болгондуктан өкүм сыртынан чыгарылып коюлган. Айыптоонун баарын ал өзү четке кагып жатканын буга чейин бир катар маалымат каражаттары жазып чыккан.

XS
SM
MD
LG