Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:24

Калича Умуралиеванын сабалышын милиция иликтеп жатат


Калича Умуралиева

Калича Умуралиева

Бишкектеги мыйзамсыз курулуштарга каршы чыгып жүргөн жарандык активист Калича Умуралиеванын сабалышын милиция тергеп жатат. Азырынча кылмыш иши козголо элек.

16-февраль күнү Умуралиева Логвиненко жана Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы курулган кабат үйдүн тургундарынын арызынын негизинде Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкеринен жооп алуу үчүн барганын, ал жактан инспектор ага кол салганын айткан.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаев “Азаттыкка” билдиргендей, окуя жазылып калган тасмалар иликтенип, ага жараша чара көрүлөт. Азырынча эки тарап тең суралып, окуянын чоо-жайы текшерилүүдө.

Калича Умуралиева Бишкектеги мыйзамсыз курулуштарга каршы чыгып жүргөн активист катары белгилүү. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG