Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:01

Иракта уурдалган үч америкалык бошотулду


Багдадда өткөн айда уурдалып кеткен АКШнын үч жараны эсен-соо бошотулду. АКШ Мамлекеттик департаменти 16-февралда бул үч жарандын бошотулушун кубаттап, Ирак өкмөтү эми алардын мекенине кайтуусун камсыздарына үмүт артты.

-Биз Ирак өкмөтү уурдалган жарандарды бошотууда көрсөткөн көмөгүн чын жүрөктөн баалайбыз, - деди Мамлекеттик департаменттин маалымат катчысы Марк Тонер өз билдирүүсүндө.

Бошотулган үч жаран эсен-соо АКШнын Багдаддагы элчилигине өткөрүлүп берилди. Элчилик өткөн айда бул жарандар жоголуп кеткенин ырастаган эле.

Бирок алар кимдер тарабынан уурдалганы жана кандай шартта кармалганы боюнча маалымат айтылган жок. Ирак бийликтери буга шиит кошуундарынын тиешеси болушу ыктымалдыгын билдирген эле.

XS
SM
MD
LG