Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:10

Кадыржан Батыровдун мамлекетке өткөн мүлкү кайрадан такталышы мүмкүн


Кадыржан Батыров
Кадыржан Батыров

Жалал-Абад шаарынын Олимпия көчөсүндө жайгашкан 9 гектар жерди 2004-жылы шаар бийлиги “Кыргыз Петрелеум” компаниясына көп жылдык ижарага берген. Эми аны Кадыржан Батыровдун мүлктөрүнө чарбалык башкаруучулук кылган “Элдик” ишканасы талашып жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” мэриянын юристи Чыңгыз Эшенов билдирди. Анын айтымында, “Элдик” ишканасы “Кыргыз Петролеумдан” 9 гектар жер үчүн айына 290 миң сом сурап, бир жыл ижара акы деп эсептелген 3 миллион сомдон ашуун акчаны өндүрүүнү айтып, сотко кайрылган.

Жердин макамын аныктоо максатында мэрия да Батыровдун мүлктөрүн мамлекетке өткөрүп жаткан комиссиянын чечимин жокко чыгарууну өтүнүп, район аралык сотко кайрылды.

Июнь окуясына күнөөлүү деп табылган Кадыржан Батыровду сот өмүрүнүн аягына чейин сырттан эркинен ажыратып, анын мүлкү 2012-жылы мамлекетке өткөн.

2014-жылы Мамлекеттик мүлк фондунун алдында “Элдик” ишканасы түзүлүп, Батыровго тиешелүү 28 объект чарбалык башкарууга берилген. Арасында талашка түшкөн 9 гектар жер аянты да бар. (RsK)

XS
SM
MD
LG