Январь айына салыштырмалуу бул айда сасык тумоо менен ооругандардын саны азая баштаганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирет. Жылдын алгачкы айында бул дарт менен дарыгерлерге кайрылгандардын жалпы саны 27 665 болсо, февралда 9 328 учур катталды.
Дарттын түрүн аныкташ үчүн Бишкек, Кара-Суу жана Ысык-Ата райондорундагы лабораторияларга реактивдер алынган. Андан сырткары жыл башынан бери чочко тумоосун жуктурган 60тан ашуун киши катталып, бардыгы дарылануудан өттү. (BCh)