Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Cаламаттык сактоо министрлиги кореялык уюм менен кызматташа баштайт


Түштүк Кореядагы “Ворлд Шейор” коммерциялык эмес уюм менен Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүн кызматташуу меморандумуна кол коёт. Аталган мекемеден кабарлашкандай, макулдашууга ылайык Түштүк Корея тарап медициналык жабдууларды, хирургиялык аспаптарды жана дары-дармектерди гуманитардык жардам иретинде берет. Андан сырткары адистер жаңы технология менен операция жасоо, дарылоо ыкмаларын үйрөтүшөт.

Ушул жылдын май айында кореялык тажрыйбалуу дарыгерлер Кыргызстанга келип бейтаптарды көрүп, элге акысыз кеңеш бермекчи. (SE)

XS
SM
MD
LG